Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:31

Садыр Жапаров ипотекалык турак жайды каржылоо мыйзамына кол койду


Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте кура турган үйдүн долбоору.
Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте кура турган үйдүн долбоору.

Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ипотекалык турак жайларды куруу үчүн макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Мыйзам 29-июнда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Быйыл 24-апрелде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлган.

Кредиттик макулдашууга ылайык, “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасы үчүн Сауд өнүктүрүү фонду 100 млн АКШ долларын бөлөрү айтылган.

Долбоорду ишке ашыруу “Мамлекеттик ипотекалык компания” ишканасына жүктөлөт.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылат жана “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарына кийин сатып алуу менен ижарага берүү үчүн жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт”, - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин президент ипотекалык үйлөрдү мындан ары өкмөт өзү саларын билдирген жана бул жаатта бир катар долбоорлор ишке ашырыла баштаганын айткан. Мамлекет башчынын маалымат кызматы турак жай программасынын алкагында 2026-жылга чейин 50 миңден ашык жаранды үй менен камсыз кылуу пландалып жатканын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, "Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 6,2 млрд сомго 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.

XS
SM
MD
LG