Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:05

Нигердеги төңкөрүштүн лидери Тчиани өзүн президент деп жарыялады


Генерал Омар (Абдурахман) Тчиани телевидение аркылуу кайрылуу жасап жатат. 28-июль, 2023-жыл. Нигер.
Генерал Омар (Абдурахман) Тчиани телевидение аркылуу кайрылуу жасап жатат. 28-июль, 2023-жыл. Нигер.

Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган генерал Омар Тчиани өзүн өткөөл мезгилдин президенти катары жарыялады. Бул тууралуу ал улуттук телеканал аркылуу кайрылуусунда билдирди. Ал эми бийликтен кулатылган президент Мохамед Базум өз резиденциясында кайтаруу алдында калууда. Козголоңчулар ырастагандай, Базум жана анын үй-бүлөсү өздөрүн жакшы сезип жатышат.

Тчиани кайрылуусунда мамлекеттик төңкөрүшкө өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген Базумдун өкмөтүнүн каталары, жакырчылык жана жемкорлук себеп болгонун билдирди.

Омар (Абдурахман) Тчиани 2011-жылдын бери президенттик гвардияны жетектеп келген. Мохамед Базум 2021-жылы президент болуп шайланган.

Нигердеги көтөрүлүш президенттик гвардия Базумду үй-бүлөсү менен резиденциясында камап салганда башталган. Бир нече сааттан кийин Базум кулатылганы жарыяланган.

Басылмалардын жазышынча, козголоңго Базумдун Тчианини иштен алуу ниети түрткү болушу мүмкүн.

Нигер-Франциянын мурдагы колониясы, Африкадагы эң жакыр мамлекеттердин бири. Өлкө табигый ресурстарга бай. Ага дүйнөдөгү уран корунун жети пайызы туура келет.

XS
SM
MD
LG