Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Дүйшөмбү Куранды өрттөө акцияларын айыптады


Палестиналык демонстранттар Куранды кармап, Иерусалимдеги Швециянын консулдугунун алдында нааразылык акциясына катышып жатат. 3-июль, 2023-жыл.
Палестиналык демонстранттар Куранды кармап, Иерусалимдеги Швециянын консулдугунун алдында нааразылык акциясына катышып жатат. 3-июль, 2023-жыл.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Швеция жана Данияда өткөн Куранды өрттөө акцияларын айыптады.

"Ыйык Куранды тебелеп, өрттөө дүйнө мусулмандарынын сезимдерине шек келтирип, коомдо кастыкты козутууга, диндер аралык жаңжалды тутантууга багытталган", - деп жазылган билдирүүдө.

Министрлик Тажикстан "экстремизм, терроризм, душмандашуу, согуш жана жаңжалга байланыштуу бардык аракетти" айыптарын жана иштиктүү диалогду жактарын кошумчалады.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Швецияда жана Данияда өткөн акцияларды айыптап, "дүйнөдө чыңалууну күчөтүүгө, улуттар жана мамлекеттер ортосундагы ишенимге доо кетирүүгө багытталган жол берилгис кутум" деп атаган.

Данияда эки демонстрант 24-июлда Ирактын элчилигинин алдында мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөшкөн. Андан мурда 28-июнда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатканда, 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган. Полиция акцияны кайтарып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турган.

20-июлда Стокгольмдо полициянын уруксаты менен өзүн атеист деп атаган ирактык жаран Ирак элчилигинин алдында Куранды тебелеп, өрттөгөнгө аракет кылган. Мындан кийин мусулман өлкөлөрүндө миңдеген адамдардын катышуусунда нааразылык акциялары өтүп, Иракта жаалданган топ Швециянын элчилигине кирип барып, өрт койгон.

Алар Швеция менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырышкан.

XS
SM
MD
LG