Кыргызстан кытай компаниялары менен Нарын дарыясына Казарман ГЭСтер каскадын куруу меморандумуна жана инвестициялык келишимге кол койду.
Кытайлык инвесторлор ГЭС каскаддарын курат
Нарын дарыясына Казарман ГЭС каскадын куруу тууралуу инвестициялык келишимге Чолпон-Ата шаарында 27-июлда өткөн “Ысык-Көл 2023” эл аралык форумунда кол коюлду.
Форумда сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир жыл ичинде техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып, курулуш башталарын айтты:
“Жакшы жаңылык катары Казарман каскадын айтсак болот. Энергетика министри Таалай Ибраев наркы 2,4-3 млрд долларлык төрт ГЭСти куруу келишимин макулдашты. Бүгүн келишимди расмий тапшырабыз. Бул кубаттуулугу 1200 МВттык ири долбоор. Бир жылда техникалык-экономикалык негиздеме бүтөт”, - деди.
Жапаров келишимди энергетика тармагындагы "ири долбоор" деп атады.
Форумда энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, министрлик кытай компаниялары менен техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бүткөндөн кийин курулушу башталарын билдирди.
Министрликтин маалыматында курулуш 2024-жылы башталып, 2030-жылы ишке берилет.
Долбоордун баштапкы суммасы 2,4-3 млрд доллар деп бааланды. Долбоорго ылайык, Казарман ГЭСтер каскаддарынын жалпы кубаттуулугу 1,160 МВт.
Каскад төрт гидроэлектростанциядан турат. Алар: Ала-Бука ГЭСи (600 МВт), Кара-Булуң-1 ГЭСи (149 МВт), Кара-Булуң-2 (163 МВт) жана Тогуз-Торо ГЭСи (248 МВт).
Министрлер кабинети тараткан маалыматка ылайык, кытайлык үч компания - PowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd Green Gold Energy (GGE) жана China Railway 20th Bureau Group Co Ltd. ГЭСтер каскаддарын курат.
Азырынча кытайлык компаниянын өкүлдөрү долбоор жөнүндө маалымат бере элек.
Министрлер кабинети дагы келишимдин шарттарын ачык айткан жок. Интернеттеги маалыматка таянсак PowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd 1950-жылдары негизделген энергетикалык долбоорлорду ишке ашырган компания. China Railway 20th Bureau Group Co Ltd жол куруу тармагында иштеген компания.
Эксперттер эмне дейт?
Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиевдин пикиринде Казарман ГЭС каскаддары реалдуу ишке ашуучу энергетикалык долбоорлордун бири.
Султаналиев долбоор ишке ашса, оор энергетикалык кризисти алдын алат деди.
“Көкөмерен жана Казарман каскады реалдуу долбоорлор. Тезирээк куруп ишке берүү керек. Анткени бизде 30 млрд кВт чейин таңкыстык болушу мүмкүн. Аны жабуу үчүн жок дегенде кубаттуулугу 300 МВт станцияга муктажбыз. Бизге ушундай долбоор керек. Чоң долбоорго киришип алып, акча жок созулуп кетип жатпайбы. Азыр кандай келишим түзүлдү так билбейбиз. Келишимби же куруу ниети жөнүндө меморандумбу белгисиз. Инвестициялык келишим түзүлүп, ишке ашпай калган учурлар бар. Ал үчүн бизде эч ким жооп бербейт”, - деди Султаналиев.
Энергетика тармагы боюнча серепчи Батыркул Баетов бийликтин ГЭС куруу дымагын кубаттайт.
Бирок Нарын ГЭС каскаддарын куруудагы чырларды эске салып, долбоор кагазда гана калбайбы деп чочулап турат.
Баетов Казарман ГЭС каскаддарынын болжолдуу долбоору илгертеден бар экенин, болгону инвестор тартуу, келишимдин шарттары сыяктуу маселени белгиледи.
“ГЭС курганда 1 МВт 1 млн доллардын тегерегинде болуп жатат. Азыр 1,3 млн долларга чейин жогорулады. Ошондуктан тышкы инвестордон көз карандыбыз. Ал жерде тышкы саясат дагы роль ойнойт. Биринчиден, келишим туура түзүлүшү зарыл. Экинчиден, туура эмгек келишим түзүлүп калса, бирөө жооп бериши керек”, - деди Баетов.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев ЭлТР телеканалына ГЭС куруу тармагына инвестиция тартуу боюнча маек куруп, долбоорлорду ишке ашырууга министрликке укук жана жоопкерчилик жүктөлгөнүн билдирди.
“ГЭС кура турган болсо жерин, суусун чечиш керек. Биз инвесторго шарт түзүп берип жатабыз. Инвестор келип, мыйзамга ылайык жер боюнча салыктарын, ижарасын төлөйт. Экологияны бузбай станциясын курат. Биз көзөмөлдөйбүз. Курулган станциясынан чыккан электр энергиясын алып, калкты камсыз кылабыз. Өзгөчө кырдаал ушул үчүн гана кирди”, - деди Ибраев.
Ишке ашпай келген ири долбоор
Казарман ГЭС каскаддарынын долбоору 2013-жылдардан баштап айтыла баштаган. Ошол кездеги Энергетика министрлигинин маалыматтарына таянсак, Нарын дарыясына алты каскад 31 гидроэлектростанция курса болот. Андагы долбоорлордун бири Казарман ГЭС каскаддары болгон.
2016-жылы өкмөт Казарман ГЭС каскаддарын курууга кытайлык State Power Investment Corporation компаниясы кызыгып жатканын билдирген.
2017-жылы дал ушул ГЭС каскаддары өкмөттүн ишке ашыруучу долбооруна киргизилип, анда “Суй Ли Энерго” компаниясы 2 млрд. доллар инвестиция салары кабарланган.
Андан кийин жакында эле 2022-жылы бул долбоорду казакстандык Orient Trade Investment компаниясы колго алаары айтылып, курулушу 1 млрд доллар деп бааланган.
2023-жылы февраль айында түрк компаниясы менен Энергетика министрлиги меморандумда кол койгону кабарланган.
Эми бул долбоордун инвестору катары кытай компаниялары аталууда.
Кыргыз өкмөтү Токтогул ГЭСинин кубаттуулугуна чамалаган ири долбоорду өлкөдө энергетиянын таңкыстыгы өзгөчө сезилип турган учурда курууга белсенүүдө.
Президент Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жарлыгына кол койгон. Ага чейин 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөт жыйынында ушундай режим киргизүүнү сунуштаган.
Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Жетишпеген бөлүгү импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.
Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы ыктымал экени айтылган.