Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

УКМК өспүрүм “телефон террорчулугуна” шек саналып жатканын кабарлады


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги мектептердин биринин 9-классынын А.А.А. аттуу окуучусу гимназиялардын бирине бомба коюлганы тууралуу бир канча жолу жалган маалымат берген деп шек саналып жатканын билдирди. Ага ылайык, өспүрүм ушул жылдын 28-29-март күндөрү бир канча жолу бомба тууралуу мектептин электрондук почтасына жалган билдирүү жөнөткөн. Ата-энесинин көзүнчө сурак берип жатып, күнөөсүн мойнуна алган.

“Ал окуу жараянын үзгүлтүккө учуратуу үчүн видеооюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунт сатып алган. Бул аккаунт аркылуу мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөнү аныкталды. Окуучунун үйүнөн компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү. Ата-энесинин көзүнчө жүргүзүлгөн суракта окуучу жалган маалымат таратканын мойнуна алды, кылган ишине өкүнөрүн билдирди. Азыркы учурда бомба коюлганы тууралуу дагы башка жалган маалымат таратууга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө”, - деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат мындай жалган маалымат тараткандарга бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына чегерүү, айып пул салуу же беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын эскертти.

Ушул жылдын жаз айларында Бишкектеги бир катар мектептерге, окуу жайларга, соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратылган учурлар катталган.

XS
SM
MD
LG