Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:49

Ниязбеков милиция кызматкерлерин жазалоо тартиби өзгөрөрүн айтты


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Ички иштер министрлиги 28-июлда жарым жылдык ишин жыйынтыктаган коллегия өткөрдү. Анда министр Улан Ниязбеков “Тартиптик уставга” өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирди. Ага ылайык, милдетин так аткарбаган, кемчилик кетирген милиция башчыларынын, кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тартиби өзгөрөрүн айтты.

“Кызматкер же анын жетекчиси милдетин так аткарбай, тартип жана мыйзам бузууга барса, ээлеген кызматынан бошотулбай эле наамы бир баскычка төмөндөтүлөт. Ошондон кийин дагы мыйзам бузуу болсо, анда ички иштер органдарынын катарынан бошотулат. Өздүк курам арасында ар түрдүү кайчы-пикир пайда болбошу үчүн, жаңы нормаларды туура жеткирип коюуну тапшырам”, - деди Ниязбеов.

Жыл башынан бери милиция кызматкерлери аралашкан мыйзам бузуулар, коррупцияга шек саналып кармалган бир катар учурлар катталды.

Былтыр жыл аягында Нарын жана Жалал-Абад облустарында уюшкан кылмыш топторунун өкүлдөрү опузалап акча талап кылган жана аларды милиция кызматкерлери калкалаган фактылардан улам аталган аймактардын милиция башчылары кызматтан алынган. Кээ бир аймактарда кадрларды алмаштыруу, ротация болгон.

XS
SM
MD
LG