Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Украинанын түштүгүндө жана чыгышында айыгышкан салгылаш жүрүп жатат


Украин куралдуу күчтөрүнүн "Волки Да Винчи" батальонунун аскерлери орус армиясынын турумдарын аткылап жатат. Луганск облусу. 7-июль, 2023-жыл.
Украин куралдуу күчтөрүнүн "Волки Да Винчи" батальонунун аскерлери орус армиясынын турумдарын аткылап жатат. Луганск облусу. 7-июль, 2023-жыл.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 28-июлдун таңында билдиргендей, соңку бир суткада отуздан ашуун кармаш катталды.

Маалыматка караганда, Донецк облусунун Бахмут жана Авдеевка райондорунда украин күчтөрү орус армиясынын чабуулуна туруштук бере алды. Запорожье облусунун Мелитополь жана Бердянск райондорунда контрчабуул аракеттерин улантып жатканы кабарланды.

Авдеевкада орус армиясынын аткылоосунан соңку бир суткада бир карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Үч адам жараат алганын Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко 28-июлда Телеграм-каналы аркылуу билдирди.

27-июлда украин президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү Донецк облусундагы Старомайорское айылын өз карамагына алганын билдирген.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июлда Украинанын түштүгүндөгү Запорожье облусунда кагылышуулар күчөгөнүн ырастаган.

Бирок ал украин аскерлери ийгиликке жете албай жатканын кошумчалаган. Орус президентинин айткандарын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

The New York Times басылмасы Пентагондогу эки булагына таянып, украин армиясы өлкө түштүгүндө контрчабуулдун негизги баскычына өткөнүн маалымдаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG