Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:46

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыкка” курган маегинде Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сурады.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин билдирди.

Эдил Байсалов парламентте Конституция боюнча аткаруу бийлиги кимдин тапшырмасы жана программасы менен иштей турганын гана эске салганын, депутаттар менен пикир келишпестик чечилгенин кошумчалады. Ал эми кызматына байланыштуу суроого мындайча жооп берди:

“Мамлекет башчы кандай чечсе ошондой болот. Биз кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдү чече алдык. Менин сөздөрүм Жогорку Кеңештин ишине кийлигишүү сыяктуу кабыл алынышы мүмкүн. Азыр баары тең маселени түшүндү. Ортодо эч кандай келишпестик жок. Мен парламентке сый-урмат менен мамиле кыларымды ишендире алдым”.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу Эдил Байсаловдун отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

Демилгенин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG