Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Орус туристтери түшкөн кеме нааразылардын талабынан кийин Батумиден чыгып кетти


Батуми портунда токтогон круиз кемесинин алдында өткөн нааразылык акциясы. 27-июль, 2023-жыл.
Батуми портунда токтогон круиз кемесинин алдында өткөн нааразылык акциясы. 27-июль, 2023-жыл.

Ичиндеги орусиялык туристтердин талаштуу саясий билдирүүлөрүнө байланыштуу 27-июлдун кечинде Astoria Grande деп аталган круиз лайнери Батумиден чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Алардын айрымдары 2008-жылкы Орусиянын Грузияга каршы согушун колдой турганын, "Орусия грузиндерден Абхазияны куткарганын" айтышса, башкалары Абхазияда буга чейин болушканын грузин маалымат каражаттарына айтып беришкен. Бул "оккупацияланган аймактар" тууралуу мыйзамга каршы келет.

Мындан улам Тбилисиде жана Батумиде ондогон адам акцияга чыгып, "Орусия бизди мекенибизден, келечегибизден ажыратып жатат", "Орусташтыруу саясатына жол жок" деген ураандарды чакырышты жана кеменин Батуми портунан чыгып кетишин талап кылышты.

Грузин баш калаасында бир нече жарандык активист парламент алдында орус желегин өрттөштү.

Сочиден өз круизин баштаган лайнер Түркия аркылуу Батуми портуна 27-июлдун таңында келген.

Круиз кемесинде жалпысынан 800 киши бар болчу. Алардын басымдуу бөлүгү орусиялыктар эле. Кеме Батуми портунан чыгып баратканда, грузин жана украин гимни жаңырып турду.

2008-жылы Грузия менен болгон “беш күндүк согуштан” кийин Орусия өз аскерлерин Абхазия менен Түштүк Осетиянын аймактарына жайгаштырып, аларды көз карандысыз деп тааныган.

Тбилиси бул аймактарды Орусия басып алган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG