Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт


Сары-Челек.
Сары-Челек.

Кыргызгидромет кабарлагандай, 29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Бийик тоолуу райондордо -2…+3, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.

XS
SM
MD
LG