Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Путин Орусияда Африка өлкөлөрүнүн лидерлерин кабыл алууда


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед. 26-июль, 2023-жыл. Санкт-Петербург.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед. 26-июль, 2023-жыл. Санкт-Петербург.

Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн кичи мекени Санкт-Петербургда Африка мамлекеттеринин лидерлерин кабыл алууда.

27-28-июль күндөрү өтө турган Орусия-Африка саммитине 17 лидер, анын ичинде Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса да катышары күтүлүп жатат.

Украинага согуш ачканы эл аралык аренада обочодо калган Владимир Путин айрым Африка мамлекеттеринде колдоого ээ.

Биринчи жолу Орусия-Африка саммити 2019-жылы Сочиде өткөн.

Жакында эле Москва Украинанын данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол ачкан келишимден чыгып кеткен. Украин буудайынын басымдуу бөлүгү Африка мамлекеттерине жеткирилчү. Мындан улам бул тема саммитте көтөрүлөрү күтүлүп жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен саммитке барган африкалык лидерлерди жакыр мамлекеттерде азык-түлүк кризисинин жаралышына түрткөн маселе боюнча Москвадан жооп талап кылууга чакырды.

"Алар азыркы кырдаалга ким күнөөлүү экенин жакшы билишет", - деди Блинкен.

Санкт-Петербургдагы саммит Йоханнесбургда бир айдан кийин өтчү БРИКС уюмунун жыйынын утурлай уюштурулду.

XS
SM
MD
LG