Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Орусиянын аткылоосунан Донецк облусунда дагы эки жайкын тургун набыт болду


Украинанын аскердик учагы.
Украинанын аскердик учагы.

Орусиянын аткылоосунан Украинанын Донецк облусунда эки жайкын тургун набыт болду, дагы экөө жараат алды. Бул тууралуу облустук админстрациянын башчысы Павел Кириленко 26-июлда эртең менен билдирди.

Мурдараак ал Константиновка калаасына бир күн мурда жасалган чабуулда жараат алган 12 жаштагы кыз ооруканада жашоо менен кош айтышканын маалымдаган.

Ушул эле чабуулда 10 жаштагы бала жана дагы бир жай тургун набыт кеткен. Украин бийлиги орустар кассеталык ок-дары колдонгонун билдирген. Маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Расмий кабарга ылайык, бир суткада Херсон облусу 55 жолу аткыланды. Запорожьеге тынымсыз сокку урулууда. Украинанын армиясы Мелитополь жана Бердянск багытында контрчабуулун улантып жатат. Башкы штаб Орусиянын турумдарына тогуз жолу сокку урганын, Москванын бир тик учагы, беш "Шахед" жанкечти дрону жана чалгындоочу дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Кремль акыркы соккулар тууралуу комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG