Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Брюсселде НАТО-Украина кеңеши дан ташуу маселесин талкуулаганы жатат


НАТОнун эн белгисинин Украинанын картасынын элесинде чагылдырылышы.
НАТОнун эн белгисинин Украинанын картасынын элесинде чагылдырылышы.

Жаңы түзүлгөн НАТО-Украина кеңеши 26-июлда Брюсселде Киевдин Кара деңиз аркылуу дан ташуу маселесин талкуулаганы жатат. Өткөн аптада жолугушуу элчилер деңгээлинде өтө турганы маалымдалган.

Аталган кеңеш 12-июлда альянстын Брюсселдеги саммитинде негизделген.

Бул жыйын шаршембиде Британиянын Коргоо министрлиги Орусия Кара деңизде Украинаны блокадага алууга даярданышы мүмкүн деген эскертүүсүнө туш келди.

Бир күн мурда Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак менен Украинанын президенти Владимир Зеленский украин данын эл аралык базарга чыгаруу жолдорун телефон аркылуу талкуулашкан эле.

Сунактын кеңсеси билдиргендей, дан келишимин кайра жандандыруу үчүн Лондон Анкара менен тыгыз кызматташууда.

17-июлда дан келишиминен чыкканын жарыялаган Кремль буга чейинки макулдашууда Орусиянын данын жана жер семирткичтерин экспорттоо бөлүгү сакталбаганын билдирген.

Москва келишимден чыккандан бери орус армиясы украин даны сакталган кампаларга, Румыния менен чектеш Дунай портторуна сокку урууда.

XS
SM
MD
LG