Ооганстанда Талибан кыймылы түзгөн өкмөттүн буйругу менен шейшембиден тарта миңдеген сулуулук салондору жабылды.
Муну менен кыз-келиндер киреше алып келген булактан, теңтуштарына жолугуп, баарлашуучу жайлардан ажырап калды.
Талибандын Адеп-ахлак министрлиги "аялдардын келбетине кам көрүүгө корогон көп суммадагы акча үй-бүлөлөрдүн жакырлануусуна алып келүүдө" жана айрым "косметикалык процедуралар ислам эрежелерине туура келбейт" деген негизде буйрук чыгарганын билдирди.
Аялдардын билим алуу, башка укуктары талибдердин бийликке кайтып келген 2021-жылдын августунан бери чектелген. Кыз-келиндер парк, жармаңке өңдүү коомдук жайларга, спортзалдарга бара албайт жана чүмкөнүп жүрүүгө милдеттүү.