Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Кытай: Цинь Ган тышкы иштер министри кызматынан алынды


Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган Шанхайдагы форумдун ачылышында сүйлөп жатат. 21-апрель, 2023-жыл.
Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган Шанхайдагы форумдун ачылышында сүйлөп жатат. 21-апрель, 2023-жыл.

Кытайда бир айдан бери коомго чыкпай келген тышкы иштер министри Цинь Ган кызматтан алынды. Бул тууралуу 25-июлда мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Себеби түшүндүрүлгөн жок. Анын ордуна ушул эле кызматты 2013-2022-жылдары аркалап келген Ван И дайындалды.

Цинь Ган 11-12-июлда Жакартада өткөн АСЕАН уюмунун министрлер жыйынына катышкан эмес. Тышкы иштер министрлиги ал саламаттыгына байланыштуу бара албай калганын жүйө келтирген.

Андан кийин Йоханнесбургда 24-25-июль күндөрү өтө турган БРИКС уюмунун саммитине Ван И бара турганы 19-июлда кабарланган.

57 жаштагы Цинь Кытайдагы "жылдызы жанып келаткан" саясатчы катары саналчу. Кытайдын лидери Си Цзинпиндин жардамчысы болгон. Кийин Кытайдын АКШдагы элчилигин жетектеп, эки жылдай иштеген. Былтыр декабрда тышкы иштер министри болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG