Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:16

Бишкек Сеулга кыргыз мигранттары үчүн квотаны көбөйтүүнү сунуштады


Жээнбек Кулубаев менен Ли Чжон Сик.
Жээнбек Кулубаев менен Ли Чжон Сик.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 25-июлда Бишкекте Түштүк Кореянын эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Ли Чжон Сик менен жолукту. Анда эки тараптуу алака-катышты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министрликтин басма сөз кызматы Кулубаев жогорку деңгээлдеги жолугушууларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз жарандары үчүн виза берүүнү жеңилдетүүнү, эмгек мигранттарына квотанын көбөйтүү маселелерин көтөрдү.

"Талкууланган темалардын бири эки өлкөнүн эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу жаатында кызматташуусун андан ары өнүктүрүү болду. Эмгек мигрантарына квотаны көбөйтүү, уруксат кагаздарын берүүнү жөнөкөйлөштүрүү, жумушчуларга жагымдуу шарт түзүү тууралуу сөз болду. Андан сырткары калкка Түштүк Кореяда мыйзамдуу иштөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, бул өлкөдөгү мигранттарды социалдык жактан коргоо, эмгек стандарттарын сактоо зарылдыгы айтылды", - деп жазылган маалыматта.

Бир канча жылдан бери кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштурууга байланыштуу атайын программа иштейт.

Анын алкагында иштеп келүүнү каалагандар 2-3 айлык тил курстарын окуп, андан кийин корей тилинен тест тапшырышы зарыл.

Быйыл Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1,8 миң квота бөлгөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG