Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Антарктиданын муз аянты болуп көрбөгөндөй азайды


Антарктиданын муз аянты быйыл болуп көрбөгөндөй кыскарып, тарыхый эң аз чекке жетти. АКШнын Кар жана мөңгүлөр боюнча улуттук борборунун баяндамасында айтылгандай, учурда деңиз музунун аянты 12,7 миллион чарчы километрди түзөт. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 1,6 миллион чарчы километрге, жалпы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,6 миллион чарчы километрге аз.

Докладда айтылгандай, рекорддук жылуулук климаттын өзгөрүшү жана Эль-Нино деп аталган кубулушка байланышкан. Ал Тынч океандагы экватордук суунун табынын көтөрүлүшүнүн натыйжасында пайда болот.

Деңиз музу азайгандан кийин океан суулары Антарктиданын жээктерин жууп, мөңгүлөрдүн кичирейишине алып келет. Мунун арты менен океандын деңгээли көтөрүлүп, жээктеги аймактарды суу каптоо ыктымалдыгы жогорулайт.

Антарктида - жер шарындагы жылуулук тез күчөп бараткан материктердин бири. Адистер акыркы 5500 жылда Антарктикада мөңгүлөр мынчалык тез эриген учур боло электигин белгилешет.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму июлдун биринчи жумасы эң ысык болгонун билдирген эле.

XS
SM
MD
LG