Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Дональд Трамптын соту 2024-жылы башталат


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка "жашыруун документтерди сактоо жол-жобосун бузган" деген айып менен ачылган иш боюнча сот 2024-жылы 20-майда башталат. Мындай чечимди Флорида штатындагы Форт-Пирс шаардык округунун судьясы Эйлин Кэннон чыгарды.

Reuters агенттиги жазгандай, адвокаттар буга каршылык билдирип, соттук териштирүү 2024-жылдын ноябрындагы президенттик шайлоодон кийин болушу керектигин айтып жатышат.

АКШнын атайын прокурору Жек Смиттин кеңсеси комментарий берүүдөн баш тартты.

Американын 45-президентине «кызматын тапшырып кетип жатканда улуттук коопсуздукка байланыштуу документтерди үйүндө мыйзамсыз сактаган жана ал документтерди кайтарууга аракет кылган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө калп айткан» деген айыптар тагылууда.

Эгер күнөөсү далилденсе, Трампка чоң суммадагы айып пул салынып, эркинен да ажыратылышы мүмкүн. Америка мыйзамдарына ылайык, бул анын шайлоо өнөктүгүн жүргүзүшүнө кедергисин тийгизбейт.

Трамп өзү соттук иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып, 2024-жылы Ак үйгө кайтып келүү кампаниясын улантууну убада кылууда. Талдоочулардын айтымында, сот жараяны бир жылга же андан да узак созулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG