Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Өрттөн улам Грекиянын Родос аралынан 19 миңдей киши эвакуацияланды


Эвакуациялангандардын арасында жергиликтүү тургундар жана туристтер бар.
Эвакуациялангандардын арасында жергиликтүү тургундар жана туристтер бар.

Грекиянын Родос аралынан 19 миңдей киши эвакуацияланды. Бийлик 23-июлда билдиргендей, үч күндөн бери ал жактагы токойду ири өрт каптап жатат. Арасында жергиликтүү тургундар жана туристтер бар.

Климаттын өзгөрүшү жана жарандык коргоо министрлиги элдин көчүрүлүшүн "токойдогу өрткө байланыштуу эң чоң эвакуация" деп атады.

Полициянын маалыматына караганда, алты адам дем алуу органдары жабыркап кыска убакытка ооруканага жаткырылды.

Жеринде ондогон өрт өчүрүү техникасы, жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат. Түркиядан жана Хорватиядан да адистер жардамга барганын AP агенттиги жазды.

Тилсиз жоо айрыкча Родостун тоолуу бөлүгүндө күч алган. Өрт өчүрүүчүлөр анын чытырман токойлорго жайылышын токтотууга аракет кылып жатышат.

Метеорологиялык кызматтар Европанын түштүгүндө алдыдагы бир нече күндө рекорддук ысык болорун буга чейин эскертип, Испания, Италия жана Грекияда адаттан тыш аптап өкүм сүрүп жатканы кабарланган.

Июлдун ортосунда Испаниянын Атлантикадагы Пальма аралында токойдогу өрттөн улам 4 миңге жакын киши эвакуацияланды.

XS
SM
MD
LG