Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

ИИМ автомектептерде билим сапатын каттоочу журнал болушун сунуштады


Ички иштер министрлигинин имараты.
Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо менен алектенген мекемелерде билим сапатын баалоочу журнал болушун сунуштады. Министрлик муну менен “Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 51 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, токтомго "автомектептерде окуучулардын билимин баалоо жана каттоо журналынын болушу талап кылынат" деген өзгөртүү киргизилмекчи.

Сунуштун негиздемесинде жазылгандай, өзгөртүү “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамынын 261-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында киргизилет.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда автоунаа айдоочуларды талапка ылайык окутуу жана даярдоодо өксүк болуп жатканын маалымдап келет.

Автомектептерге лицензияны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) корутундусу менен Билим берүү жана илим министрлиги берет жана алардын талапка ылайык иш алып барып жатканын текшерет.

Жалпы өлкөдө 300 чамалуу автомектеп катталган. Анын ичинен 65 мектеп мамлекеттик, калганы жеке менчик.

Расмий маалыматтар боюнча быйылкы 6 ай ичинде 2996 жол кырсыгы катталып 269 адам каза болгон, 4416 адам жаракат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG