Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Владимир Путин Йоханнесбургдагы саммитке катышпайт


БРИКСтин Йоханнесбургда 2016-жылдагы саммитинде тартылган сүрөт
БРИКСтин Йоханнесбургда 2016-жылдагы саммитинде тартылган сүрөт

Орусиянын президенти Владимир Путин августта Йоханнесбургда өтө турган БРИКС саммитине катышпайт. Путиндин ордуна орус делегациясын тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектеп барат. Бул тууралуу Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса билдирди.

Анын сайтына жарыяланган билдирүүдө Путин өз ара макулдашууга ылайык саммитке барбай турганы айтылат. Жыйынга БРИКСке мүчө башка өлкөлөр – Кытай, Бразилия, Индия жана Түштүк Африканын мамлекет башчылары катышат.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди "Украинадагы согуштан улам" кармоого 17-мартта ордер чыгарган. Түштүк Африка Республикасы Эл аралык кылмыш сотунун чечимдерин аткарууга милдеттендирген Рим статутуна кол койгон өлкөлөрдүн катарына кирет.

Түштүк Африкадагы оппозиячыл Демократиялык алянс партиясы өкмөттү Путинди кармоого мажбурлоо үчүн сотко кайрылган. Рамафоса бул кадамды "жоопкерчиликсиз" деп атап, Москва Путинди кармоо "согуш жарыялоого барабар экенин" так түшүндүргөнүн айтты.

Буга чейин Түштүк Африка Республикасынын бийлиги Путиндин ордуна саммитке тышкы иштер министри Сергей Лавров катышсын деген өтүнүч келтирип, Кремлден терс жооп алган.

Андан тышкары расмий Йоханнесбург быйылкы саммитти Кытайда өткөрүү сунушун киргизсе, ага Индия менен Бразилия макул болбой койгон.

БРИКС уюмуна беш өлкө кирет. Алар: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы. Уюмдун аталышы аталган өлкөлөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан алынган.

XS
SM
MD
LG