Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

FT: Эр-Рияд менен Анкара Орусиядан украиналык балдарды кайтарууга аракет кылып жатат


Украина согуш маалында Орусия 20 миңдей жашы жетек элек украиналык баланы чыгарып кеткен болушу ыктымал экендигин билдирген.
Украина согуш маалында Орусия 20 миңдей жашы жетек элек украиналык баланы чыгарып кеткен болушу ыктымал экендигин билдирген.

Сауд Арабиясы менен Түркия Орусияга алынып кеткен украиналык балдарды кайтарып алууга аракеттенип жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы өз булактарына таянып жазды. Анда айтылгандай, буга байланыштуу сүйлөшүүлөр бир канча кайдан бери уланып, Москванын бейрасмий өкүлү катары ага орусиялык ишкер Роман Абрамович дагы катышууда.

"Ортомчу өлкөлөр Украинага дагы, Орусияга дагы ынанымдуу варианттарды караштырып жатат. Эр-Рияд менен Анкара жаңжалдагы тарапташтар менен жолугушуу кийинки тынчтык сүйлөшүүлөргө, согуштун токтошуна өбөлгө болгон каналга айланарына үмүт артат", - деп жазган басылма.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу кабары бар дипломат Орусия чыгарылып кеткен украиналык балдар маселесин Сауд Арабиясы июнь айында Копенгагенде "Чоң жыйырманын" жабык жыйынында көтөргөн. Анда Батыш өлкөлөрү Эр-Рияддын бул багыттагы сүйлөшүүлөрүн кубаттаган.

Буга чейин Украина согуш маалында Орусия 20 миңдей жашы жетек элек баланы чыгарып кетиши ыктымалдыгын айткан. Йель университетинин гуманитардык лабораториясы алты миңдей бала орун которгонун билдирген.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.

Ушул жылдын март айында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы камоо жөнүндө ордер чыгарган. Аларга негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып кеткенине байланыштуу айып коюлган.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова соттун чечимин Москва тааныбай турганын билдирген. АКШ, Европа өлкөлөрү Гаага сотунун чечимин кубаттаган.

XS
SM
MD
LG