Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Тажикстан Ага Хан университети жайгашкан жерди кайтарып берүүнү талап кылды


Хорогдогу Борбор Азия университетинин кампусу.
Хорогдогу Борбор Азия университетинин кампусу.

Тажикстанга караштуу Тоолуу Бадахшан облусунун прокуратурасы Борбор Азия университети курулган Хорогдогу жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылды. Бул тууралуу 18-июлда «Озоди» радиосу жазды.

Бул жер тилкесин Ага Хан фонду 90-жылдардын соңунда сатып алган. Бийлик ал кезде сатып алуу жараяны мыйзамсыз болгонун жүйө келтирип жатат.

Жогорку экономикалык соттун сайтындагы маалыматка караганда, прокуратуранын арызы 12-июлда каралмак. Жыйынтыгы кандай болгону белгисиз.

Хорогдун эки тургуну «Озоди» радиосуна 1990-жылдардын соңунда Ага Хан фонду алардын үйлөрүн жер тилкелери менен кошо 70-75 миң долларга сатып алганын жашыруун айтып, Фондго эч кандай доосу жок экенин билдиришти. Журналисттердин жергиликтүү бийлик менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Борбор Азия университети 2000-жылы негизделген. Тиешелүү макулдашууга Тажикстан, Кыргызстан, Казакстандын президенттери жана ханзаада Карим Ага Хан IV кол койгон. Макулдашууну үч өлкөнүн парламенттери ратификациялаган. Өткөн айда Хорогдогу Ага Хан лицейи жабылган. Андан мурда Ага Хан фондуна караштуу Serena Khorog INN мейманканасы улутташтырылган.

Тажикстанда 2022-жылдын май айында Тоолуу Бадахшандагы бийликке нааразылык толкунун басуу учурунда расмий маалыматтар боюнча кеминде 16 киши набыт болгон. “Азаттыктын” журналисттери 34 адам өлгөнүн тактаган.

Көптөгөн памирликтер исламдын шийит агымын (исмаилизмди) тутунат, ал эми тажиктердин көпчүлүгү – сунниттер.

Чет өлкөлөрдө жашаган исмаилизмдин рухий лидери Ага Хан негиздеген фонд Тоолуу Бадахшандагы жана Тажикстандын башка аймактарындагы каржылоо жана кайрымдуулук долбоорлоруна катышып келген. Адистердин пикиринде, ушундан улам тажик бийлиги бул уюмдун өлкөдөгү ишмердигин чектөөдө.

Эл аралык Ага Хан кору каржылаган Борбор Азия университети Кыргызстандын Нарын шаарында да бар. Анын сүрөттөрүн бул жерден көрсөңүз болот.

XS
SM
MD
LG