Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Иранда мугалимдерди бошотуу жөнүндөгү петицияга миңдеген киши кол койду


Иранда кармалган мугалимдердин айрымдары. Сүрөт "Азаттыктын" иран кызматынан алынды.
Иранда кармалган мугалимдердин айрымдары. Сүрөт "Азаттыктын" иран кызматынан алынды.

Миңдеген ирандыктар, анын ичинде ардактуу эс алуудагы жана учурда иштеп жаткан мугалимдер, маданият ишмерлери өкмөттү сындап, соңку айларда абакка камалган ондогон агартуучулардын бошотулушун талап кылган онлайн петицияга кол коюшту.

Маданият ишмерлеринин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан бул өнөктүк «жарандык акция» катары мүнөздөлүп, коопсуздук кызматтары кармап кеткен 230 мугалимдин бошотуу үчүн «маанилүү кадам» деп саналууда.

Маалыматка караганда, петицияга 13 миңдей адам кол койгон. Анда ар кайсы провинцияларда мугалимдерге карата чыгарылган сот өкүмдөрү сынга алынган.

Иранда былтыркы жайдан бери толкундоолор токтобой келет. Анын ичинде бир нече жолу мугалимдердин да нааразылык акциялары болгон. Буга жашоо деңгээлинин начарлашы, айлыктын өз убагында төлөнбөгөнү жана социалдык колдоонун жоктугу түрткү берген. Мугалимдер дал ушул акциялар маалында жана андан кийин кармалган.

Былтыр сентябрда хижабды туура эмес салынган деген айып менен камалып, убактылуу кармоочу жайда көз жумган 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн улам Иранда толкундоолор күч алган. Полиция менен кагылышуулар маалында 500 киши өлтүрүлгөнүн, алардын 71и жашы жете электер болгонун HRАNА маалымат агенттигинин өкүлү билдирген. Миңдеген киши кармалган. Алардын арасында Эсмаил Абди, Расол Бадаги, Фарзане Назаранпур жана Жафар Эбрахими аттуу активисттер бар.

XS
SM
MD
LG