Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Чек ара кызматы "Достук" бекетиндеги узун кезектин себебин түшүндүрдү


"Достук" өткөрмө бекети, архивдик сүрөт.
"Достук" өткөрмө бекети, архивдик сүрөт.

Чек ара кызматы Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетиндеги узун кезекти жолоочулардын жана машиналардын каттамынын утурумдук көбөйгөнү менен байланыштырды. Аталган жайда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн бардык шарттар бар экенин, учурда паспорттук көзөмөл жүргүзүүчү 33 кабинанын 23ү иштеп жатканын кабарлады.

"Бул өткөрмө бекет аркылуу ары-бери каттаган адамдардын жана машиналардын саны өскөнүнө байланыштуу кезек күткөндөр көбөйдү. Ошондой эле Оштогу базарларда дүңүнөн соода кылуучу күндөрү (шейшемби, ишемби) өткөрүү жайдын алдына жеңил машиналар топтолуп калып жатат. Мындан сырткары туристтик маал дагы чек арадан кирген-чыккандардын агымын көбөйттү. Бир суткада "Достуктан" 18-22 миң адам өтөт. Ушул жылдын алты айында 2,8 миллион адам, 68 миң машина каттаган. Өткөрмө бекет бир күндө 16,4 миң адамдын өтүшүнө ылайыкташтырылган", - деп жазылган маалыматта.

Чек ара кызматынын билдиришинче, алты айда жалпы баасы 51,6 миллион сомду түзгөн аткезчилик менен ташылган жүк кармалган. Анын ичинде алтын буюмдары, акча болгон.

Ушул тушта кыргыз-өзбек чек арасында "Достуктан" сырткары Жалал-Абад облусунда "Маданият", "Баймак", Баткен облусунда "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Ак-Кыя", "Өтүкчү" жана "Чечме" бекеттери иштеп жатат.

Ушул жылдын май айында Чек ара кызматы Жалал-Абаддагы "Бек-Абад", Оштогу "Карабагыш", "Кара-Суу" өткөрмө бекеттерин ачууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган.

XS
SM
MD
LG