Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

ИИМ машиненин айнегин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады


Автоунаанын алдыңкы терезесин караңгылатып жаткан айдоочу. Архив сүрөт.
Автоунаанын алдыңкы терезесин караңгылатып жаткан айдоочу. Архив сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) автоунаанын айнегин караңгылатуунун (тонировка) баасын убактылуу төмөндөтүүнү сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Министрлик машиненин айнегин караңгылатуу үчүн уруксат алгандардын саны аз болгонуна байланыштуу баасын убактылуу арзандатууну керек деп эсептейт. Бирок ал канча убакытка чейин экенин тактаган эмес.

Мекеменин маалыматында жыл башынан бери автоунаанын айнегин караңгылатуу үчүн 1794 айдоочу кайрылып, казынага 144 млн. 560 миң сом түшкөн.

Токтом долбооруна ылайык, жеке айдоочуларга 50 миң сом, (азыр 80 миң сом) ишкананын автоунааларына 70 миң сом, (азыр 100 миң сом ) чет өлкөлүктөргө 90 миң сом (азыр 120 миң сом) деп сунушталууда.

Автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга бир жылдык уруксат алуу үчүн 80-120 миң сом акы төлөө бекитилген. Айнекти караңгылатууга уруксат жеңил машиналарга гана берилет, такси айдагандарга мындай уруксат жок. Эгер алар кармалса 20-40 миң сом айыппул төлөөгө милдеттүү. Ал эми арткы айнектерди караңгылатууга уруксат бар.

Алдыңкы айнектер боюнча сунушту өкмөт киргизген жана буга чейинки тыюу салган эреже иштебей келгенин, каалоочулар жең ичинен акча төлөп коюп, ансыз деле караңгылатып жүргөнүн айткан жана жемкорлуктун бул түрүн жоюу максаты коюлуп жатканын белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG