Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

Эрдоган Путин дан келишимин улантат деп ишенерин билдирди


Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган.
Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоо келишимин узартат деп ишенерин билдирди.

Reuters агенттиги жазгандай, түрк лидери Москва бул чечимди кайра карап чыгарына үмүт артарын айтты.

"Менин оюмча, Орусия бул гуманитардык көпүрөнү сактап калууга кызыкдар", - деди ал.

Эрдоган Түркия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери 17-июлда маселени талкуулай турганын, өзү Путин менен телефондо сүйлөшүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Орусия Түркия жана БУУнун катышуусу менен бир жыл мурда түзүлгөн дан келишиминен чыкканын дүйшөмбүдө жарыялап, буга Москва койгон айрым талаптар аткарылбай жатканын жүйө келтирген.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү эки жолу узартылды. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

XS
SM
MD
LG