Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Ленин аймагына кайра шайлоого беш талапкер арыз берди


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны бешке жетти.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында кабарланды. Акыркы болуп депутаттыкка Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу арыз берген.

Мындан сырткары депутаттыкка талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандардын арасында "Эл үмүтү" партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу, буга чейинки шайлоого катышкан Эртай Искаков, коомдук жана саясий ишмер Роман Ремнёв, "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Булекбаев бар. алардын бардыгы өзүн өзү көрсөткөн.

Боршайком Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Анда бул кайра шайлоо болгону үчүн талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганы айтылган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт.

БШК 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алууга” байланыштуу доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир ай ичинде жаңы шайлоо дайындалат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG