Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Краснодар: Ржицкийди өлтүрүүгө шектүү эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Краснодар аймагындагы моблизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Станислав Ржицкийди өлтүрүүгө шек саналган Сергей Денисенкону сот эки айга камады.

Шаардык сот тараткан маалымата ал Орусиянын жана Украинанын жараны экени, күнөөсүн мойнуна алганы жазылган. Анын бөгөт чарасы каралап жатканда Украинанын атайын кызматы менен байланышы жоктугун, Ржицкийди жеке өч алуу максатында атканын билдирген.

Ржицкийди дүйшөмбүдө күнү эртең менен чуркоого чыкканда атып кетишкен жана ал ошол жерде жан берген.

42 жаштагы Ржицкий буга чейин флотто кызмат кылган жана "Калибр" ракеталары менен жабдылган "Краснодар" суу алдындагы кемесинин командири болгон. Украиналык басылмалар анын кемеси өткөн жылы июлда Винницы облусундагы кагылышууга катышканын жазышкан.

Ушундай аты-жөнү бар адам орус армиясынын аскердик кылмыштарын каттаган украиналык "Миротворец" сайтындагы тизмеге киргизилген. Ал жерде Ржицкий Орусиянын Украинага каршы согушуна түздөн-түз катышкан "Алроса" суу алдындагы кемесинин командири экени жазылган. Ржицкий флоттон мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына качан кеткени белгисиз.

Ржицкийдин жакындары ал Орусия Украинаны бастырып киргенге чейин эле аскерде кызмат өтөбөй калганын, согушка катышпаганын билдирип жатат.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаган. Орусияда ошол эле жылдын сентябрь айында аскердик мобилизация жарыяланган. Андан кийин жүз миңдеген киши, басымдуусу аскерге жарактуу эркектер өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG