Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Айзаданын өлүмү: мурдагы милиция башчы күнөөсүн мойнуна алган жок


Айзада Канатбекованын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Айзада Канатбекованын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 12-июлда Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу айыпталган мурдагы милиция башчы Бакыт Матмусаевдин иши каралды. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына бүгүнкү соттук жараянда айыптоо корутундусу окулганын, Матмусаев күнөөсүн мойнуна албаганын жазды.

"Мамлекеттик айыптоочу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусевди Айзаданын өлүмүно алып келген шалаакылыкка айыптаган корутундуну жарыялады. Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок. Сотко келген эки күбө суралды. Кийинки отурум 25-июлга белгиленди",- деп билдирди Токтакунов.

Бир апта мурун бул ишти карап жаткан судья алмашкан. Жабыркаган тараптын адвокаты Бакытбек Автандил уулу буга прокурорлордун судьяга ишенбөөчүлүк билдиргени себеп болгонун айткан.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кетишкен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине "шалаакылык" деген берене менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган. Кийин ал ички иштер министри Улан Ниязбековго кеңешчи болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG