Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:43

Германияга иштөө үчүн барган студенттер укугу бузулганын айтып чыгышты


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Германияда сезондук жумушта иштеп жүргөн кыргызстандык студенттер арасында укугу бузулганын айтып арыздангандар көбөйүп жатканын 12-июлда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеме кыргызстандык жогорку окуу жайларынын студенттери боюнча мындай маалыматтардан улам Германияга жайкысын барып иштеп келүүнү пландап жаткандарга кайрылды. Анда кыргызстандык да, германиялык да жумушка ортоштуруучу жеке агенттиктер менен эмгек келишимин же контрактын түзүүдө өзгөчө көңүл бурууга, этият болууга чакырды.

“Студенттик программаларга катышуунун бардык маселелерин, анын ичинде эмгек шарттарын, жатаканасын, финансылык жана башка милдеттерин, Германияда болуу эрежелерин алдын ала жана майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп чыгуу өтө маанилүү”, - деп билдирди Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси.

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка жөнөтүү менен алектенүүчү жеке агенттиктерге лицензияны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору берет. Анын директору Алмаз Алыбаев "Азаттыкка" билдиргендей, Кыргызстанда мындай агенттиктердин саны 160тын тегерегинде, алар аркылуу 20 чакты өлкөгө барып иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Уруксатсыз иштеп жаткан агенттиктер боюнча былтыр милицияга 35, быйыл алгачкы үч айда 28 материал жөнөтүлгөн.

Жумуш издеп, сырт жакка чыгып жаткандардын көбү жаштар. Алардын арасында түрдүү жеке агенттиктерге алданып, мыйзамсыз миграцияга, кулчулукка кабылгандар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG