Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Кыргызстан: энергетикалык суусундук жарнамасына тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 3-июлда "Жарнама тууралуу" мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Ушул жылдын май айында Салык кызматы 1-июлдан тартып курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүдө акциздик салык салына баштарын билдирген. Ага ылайык, Министрлер кабинети бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмге сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.

Мыйзамдын негизинде мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек.

XS
SM
MD
LG