Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Зеленский Байден баштаган дүйнө лидерлери менен жолугат


Украинанын президенти Владимир Зеленский былтыр Мадридде өткөн НАТОнун саммитине онлайн катышкан. Киев. 19-июнь, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский былтыр Мадридде өткөн НАТОнун саммитине онлайн катышкан. Киев. 19-июнь, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 12-июлда Вильнюста өтүп жаткан НАТО саммиттинин экинчи күнүндө Кошмо Штаттардын лидери Жо Байден, Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугат. Сүйлөшүүлөр ар бири менен өзүнчө өтөт.

Сунак билдиргендей, "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер Украинага узак мөөнөткө коопсуздук кепилдиктерин бере турган жана бул өлкөлөр менен эки тараптуу коргонуу жаатында келишимдерди түзүүгө жол ачкан макулдашууга 12-июлда кол коюшары күтүлүүдө.

НАТО 11-июлда тараткан билдирүүсүндө Украинанын келечеги уюмдун ичинде болгону менен, ага "мүчө мамлекеттердин бардыгы макул болгондо жана бардык шарттар аткарылганда гана" аскердик альянс Украинага чакыруу жибере турганын маалымдады.

Украинанын президенти саммит баштала электе НАТОну "чечкинсиз" деп сынга алган.

Кремль саммитти кескин сынга алып, альянс Орусияга "душман" катары карап, ансыз да туруксуз болуп жаткан дүйнөдөгү кырдаалды курчутуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG