Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:06

АКШ элчиси: Бишкек санкцияны кыйгап өтүүгө жол бербөөгө аракет кылып жатат


Лесли Вигери.
Лесли Вигери.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери The Diplomat басылмасына курган маегинде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн кызматташуу келишимине азырынча кол коюла электигин, бирок эки тарап тең демократия, адам укуктары, коомдук саламаттык жана энергетика тармагында кызматташып жатканын белгиледи.

“Бирок эки тараптуу кызматташуу тууралуу келишимге кол коюла элек. Биздин көз карашыбыз боюнча алар буга даяр болгондо гана кол коюшат жана биз келишимге кол коюлбаган шартта да Кыргызстан менен кызматташтыкты уланта беребиз. Бирок келишим дагы көптөгөн эшиктерди ачып, кызматташтыктын эки тарап тең каалап жаткан деңгээлге чыгышына шарт түзмөк", - деди Вигери.

Элчи Украинадагы согуштан улам экономикадагы олку-солку кырдаалда АКШ өкмөтү Кыргызстанга колдоо көрсөткөнүн, буга мисал катары азык-түлүк коопсуздук жаатында 1,5 миллион долларлык жардам берилгенин билдирди. Андан тышкары Орусияга азыркыдай көз каранды болбошу үчүн соода каттамдарын өзгөртүү, инвестициялардын агымын көбөйтүү үчүн Борбор Азияда экономикалык туруктуулук демилгеси (ERICEN) долбоорунун алкагында иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Вигери Кошмо Штаттардын Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу Кыргызстанга кандайдыр бир чараларды көрүү ниети жок экенин, санкцияны кыйгап өтүүгө жол берилбеши үчүн кыргыз тарапты жетиштүү маалыматтар менен кабардар кылуу максаты турганын айтты.

“Биз Кыргызстандын санкцияны кыйгап өткөн борборго айланып калуунун алдын алууну көздөгөн айрым аракеттерин көрдүк”, - деди ал.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын эки тарап тең белгилеп келет. (TAb)

XS
SM
MD
LG