Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Орусия Киевди экинчи түнү катары менен дрондон аткылады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын армиясы Киев шаарына 12-июлга караган түнү дагы дрондор менен чабуул жасады.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдиришинче, анда "Шахед" үлгүсүндөгү 15 учкучсуз аппараттын баары атып түшүрүлдү.

Маалыматта дрондор бул ирет түндүк-чыгыш багытынан (Курск) учурулганы айтылат. Баштапкы маалыматтарга караганда жабыркагандар, жараат алгандар болгон жок.

Бул түнү Украинанын бардык аймагында абадан эскертүү берилип, ал беш саатка чейин созулду. Киев облустук аскердик администрациясы Телеграм-каналы аркылуу жарандарга кайрылып, украин жоокерлерин сүрөткө, видеого тартпоого, маалымат таратууда сак болууга чакырды.

Шаардык администрациянын башчысы Сергей Попко абадан эскертүү берилген маалда тургундар коопсуз жайда болушу керектигин эскертти.

Мындан бир түн мурда дагы Орусия Киевге дрондон чабуул жасаган. Анда 28 учкучсуз аппараттын 26сы жок кылынганы кабарланган.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Москва чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.

XS
SM
MD
LG