Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Кыргыз-казак чек арасы: Талас дарыясынын сол жээги бекемделди


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган сүрөт. Кыргыз-казак чек арасындагы Талас дарыясы.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган сүрөт. Кыргыз-казак чек арасындагы Талас дарыясы.

Талас облусуна караштуу Манас районунун Үч-Коргон айылында, кыргыз-казак чек арасындагы Талас дарыясынын сол жээги бекемделди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ага ылайык, дарыянын жээгинин 400 метрин бекемдөө быйылкы жылдын "Капиталдык курулуш" бөлүгүнө киргизилген.

"Дарыянын сол жээгин бекемдөөнүн натыйжасында эки өлкөнүн чек ара тилкеси, 350 гектар жайыт жерлер, 57 турак жай, бир чакырым ички чарба жолу корголду",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин чек арадагы Талас дарыясынын Кыргызстанга таандык жээги желип, суу жылып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Өткөн айда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана жергиликтүү бийлик өкүлөрү Ысык-Көл облсундагы кыргыз-казак чек арасын бөлүп турган Каркыра дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин жеринде талкуулашкан. Анда дарыянын кыргыз тараптагы жээги жээлип, жайыттар кыскарып жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Ушундай эле көйгөй кыргыз-казак чек арасын бөлүп турган Чүй дарыясынын жээгинде дагы жаралган.

"Азаттык" 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган.

XS
SM
MD
LG