Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:19

Зулушев: Мадумаровдун ишин ИИМ тергеп жатат


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатат. Бул тууралуу 11-июлда АКИpress маалымат агенттигине башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди:

«Бул боюнча ИИМ кылмыш ишин тергеп жаткан жана сунуш берген Жогорку Кеңештен макулдук алуу тууралуу. Андан мурда Жогорку Кеңеш прокуратуранын сунуштамасынан баш тарткан, билесиздер. Мыйзам талаптарын так сактоо менен биз сунуштаманы бердик Жогорку Кеңешке. Алар изилдеп көрүп, тергөөнү аягына чыгарыш үчүн кылмыш жообуна тартууга макулдугун беришти. Кылмыш иштеринин баарын бириктирүү үчүн ИИМге өкөрүп бердик. Тергөөсү ошол жакта жүрүп жатат».

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров башкы прокурордун сунуштамасын карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “жогору жактан катуу буйрук алган” деп айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG