НАТО "Альянстын Москва менен карым-катнашы" актынан баш тартып, Орусиянын чек араларына жакын жерде туруктуу аскердик базаларды түзүшү керек.
Бул тууралуу Литванын президенти Гитанас Науседа The Times гезитине курган маегинде билдирди.
Ал Орусия Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу боюнча жигердүү кадамдарга барып жатканын аталган актынын иштөө мөөнөтү аяктаганын көрсөтүп турганын белгиледи.
1997-жылы кол коюлган НАТО менен Москванын ортосундагы мамилелер жана кызматташтык жөнүндө акт олуттуу аскердик күчтөрдү аймакка туруктуу негизде жайгаштырбоону көздөйт.
Басылманын маалыматына караганда, азыр НАТО күчтөрү тогуз мамлекетте, анын арасында Польша жана Балтика өлкөлөрүндө жайгаштырылган. Бирок, Орусия менен НАТОнун ортосундагы актыга байланыштуу алар туруктуу эмес, адатта жарым жылда бир жолу ротация болот.
Орусиянын Украинага аскердик чабуулу башталгандан кийин НАТО Болгария, Румыния, Венгрия жана Словакияга аскердик топторду жөнөткөн.
Бүгүн, 11-июлда Литванын борбору Вильнюста НАТОнун эки күндүк саммити башталууда.