“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү 10-августка чейин узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров “Азаттыкка” билдирди.
Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн узартуу отуруму 4-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралган. Адвокаттын айтымында, кылмыш иш тергелип бүтүп, жакында сотко өтөт.
Бишкектеги Октябрь райондук соту Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарылганын билдирген.
Башкы көзөмөлдөөчү орган анда “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн. 512 миң 858 сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын" билдирген.
Ага чейин, март айында президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Кумтөр алтын кениндеги кызмат көрсөтүүлөрдөн акча уурдалганын айткан.
Жапаров анда камалгандар уурдалган акчаны кайтарганда сот органдары алардын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгаруу маселесин карашы мүмкүн экенин айткан. "Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок" деген ал.
Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу былтыр сентябрда кармалган.
Канадалык инвестор “Центерра” менен чогуу иштетип келген Кумтөр алтын кенин Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы алып, аны жетектөө укугу ага чейин канадалык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген Тенгиз Бөлтүрүккө берилген. Кийин ага "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин башкаруу укугу ыйгарылган.
Өлкөнүн Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчетун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип жазылган.
Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 млн. 45 миң сом короп, бул боюнча отчет берилген эмес.
Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган.
Бөлтүрүк камалгандан кийин "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги жоюлган. (TSh)