Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

Украинада согуш башталгандан бери 494 бала каза болду


Киев облусу. 6 апрель, 2022-жыл.
Киев облусу. 6 апрель, 2022-жыл.

Украинанын Башкы прокуратурасы согуш башталган 500 күндөн бери 494 бала каза болуп, 1051и ар кандай жаракат алганын кабарлады.

Мекеменин маалыматында Донецк (472), Харьков (297), Киев (129), Херсон (115), Запорожск (91), Николаев (89), Днепропетровск (83), Чернигов (71) жана Луганск (67) облустарында балдар көп жаракат алды.

Башкы көзөмөл орган бул сандар так эмес экенин, согуш жүрүп жаткан жана бошотулган аймактарда эсептөө жүрүп жатканын билдирди.

Башкы прокурор Андрей Костин согуш башталгандан бери 94 аскер кылмышы катталып, он миңден ашык жай тургун набыт болуп, 115 миң жарандык имарат талкаланганын кабарлады. Анын маалыматында, согуштагы кылмыштарга байланыштуу 353 киши шектүү, 219 айыпкер жана 53 кишиге украин соту чечим чыгарды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 30-июндагы маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери 9177 киши каза болуп, 15993ү жаракат алды. Уюм Орусия басып алган аймактарда маалымат чогултуу кыйын болгондуктан, каза болгон жана жаракат алгандардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.

XS
SM
MD
LG