Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:13

Энергетика министри "акылдуу эсептегичтерди" көбөйтүүнү тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 8-июлда “Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасында кышка даярдык боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Күн тартибинде электрондук эсеп-дүмүрчөк (квитанция) системасын киргизүү, жоготууларды азайтуу жана “акылдуу эсептегичтерди” көбөйтүү маселеси талкууланды.

Министр эсеп-дүмүрчөк таратуу үчүн жылына 1300 кызматкер, 10 тонна кагаз кетип жатканын белгилеп, санариптештирүү зарылдыгын айтты. Министр “Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасын кышка даярданууну тапшырды.

Акыркы статистикага ылайык, Кыргызстанда бир жарым миллиондой абонент катталган. Алардын 300 миңдейинде "акылдуу эсептегич" бар.

6-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд. кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд. кВт/саат болот деп эсептелип жатат. Эң ири “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, өндүрүү быйыл 15 млрд. кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG