Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Миландагы карылар үйүндөгү өрт жети кишинин өмүрүн алды


"Тез жардам" кызматынын дарыгерлери карылар үйүндө тутанган өрттө мерт болгон адамдын сөөгүн чыгарып баратышат. Италия. 7-июль, 2023-жыл.
"Тез жардам" кызматынын дарыгерлери карылар үйүндө тутанган өрттө мерт болгон адамдын сөөгүн чыгарып баратышат. Италия. 7-июль, 2023-жыл.

6-июлдун кечинде Италиянын Милан шаарындагы карылар үйүндө тутанган өрттөн алты киши мерт болду. Сексенден көп адам жабыркады, үчөөнүн абалы оор. Бул тууралуу шаар мэри Жузеппе Сала 7-июлда билдирди.

Өрт калаанын Корветто районунда жайгашкан имараттын биринчи кабатында тутанган. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоонун жайылышын токтотушканы менен уулуу заттар тарап кеткен. Жабыркагандардын көбү түтүнгө ууланган. Учурда өрт эмнеден тутанганын иликтөө жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, имаратта өрт башталган кезде бейтаптар менен медициналык кызматкерлерди кошкондо 200дөн көп адам болгон. Бейтаптардын басымдуу бөлүгү альцгеймер илдетинен жабыркагандар.

XS
SM
MD
LG