Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Караколдо беш жана эки жашар кыздарды издөө уланууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында беш жана эки жашар кыздарды издөө уланып жатканын кабарлады. Ага ылайык, кыздар 5-июлда күндүзгү саат 3төр чамасында көчөдө ойноп жүрүп дайыны чыкпай калган. Бул маалымат түшкөндөн бери издөө иштери токтой элек.

"Кыздарды издөөгө Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн беш куткаруучу, шаардык милициядан 60 кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан 10 кызматкер тартылды", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик издөө жүрүшүнөн кошумча маалымат берилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG