Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Львовдо Орусиянын чабуулунан мерт болгондордун саны жетиге жетти


 Соккуда бир катар үйлөр жана имараттар кыйрап, жабыркады.
Соккуда бир катар үйлөр жана имараттар кыйрап, жабыркады.

Украинанын Львов шаарында 6-июлга караган түнү жасалган Орусиянын ракеталык чабуулунан набыт кеткендердин саны жети кишиге жетти. Дагы 30дан көп адам жараат алды. Соккуда бир катар үйлөр, имараттар кыйрап, жабыркады. Бул Орусия согуш ачкандан бери аталган шаарды бутага алган эң калайман чабуул болуп калды.

Буга чейин шаарда жарык өчүп, уюлдук байланыш жакшы иштебей калганы маалымдалган. Украинанын маданият жана маалымат саясаты министрлиги ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген "Львов – тарыхый борборунун ансамбли" да жабыркаганын билдирди.

Президент Владимир Зеленский окуяны террорго теңеп, буга жооп кайтарыларын Телеграмга жазган.

Украин армиясынын маалыматына ылайык, Львовго түнкү саат бирлерде Кара деңизден "Калибр" ракеталары менен сокку урулган. Атылган он ракетанын жетөөнүн мизи кайтарылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Львовго жасалган чабуулга комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

XS
SM
MD
LG