Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Садыр Жапаров Жапонияны ГЭС куруу долбоорлоруна катышууга чакырды


Тосиаки Эндо.
Тосиаки Эндо.

Президент Садыр Жапаров 6-июлда Бишкекте Жапониянын Либералдык-демократиялык партиясынын башкы кеңешинин төрагасы, Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндо менен жолукту. Анда тараптар өз ара алака-катышты талкуулашты. Садыр Жапаров Жапонияны ГЭС куруу долбооруна катышууга, туризм чөйрөсүндө кызматташууга чакырды. Ошондой эле Токиого Бишкекке буга чейин көрсөткөн жардамы, колдоосуна үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Садыр Жапаров парламенттик дипломатияны өнүктүрүү алкагында маданиятты, каада-салтты жана руханий баалуулуктарды жайылтууда эки өлкөнүн парламентарийлеринин ролу маанилүү экенин айтты. Президент Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун жакшы жыйынтыктарын белгилеп, ага улуттук макам берилип, мындан ары өлкөнүн бардык аймактарында кеңейтүү чечимин айтты. Жапаонияга Кыргызстандагы демократияны чыңдоого, социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көрсөткөн үзгүлтүксүз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди",-деп жазылган маалыматта.

Тосиаки Эндо өз кезегинде "жапон тарап тарап адам ресурстарын инвестициялоого басым жасоо менен кыргыз тарап менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин" кошумчалаган.

Эки өлкөнүн дипломаттык кызматташтыгы 1992-жылы башталган. Андан бери Токио Бишкекке бир катар долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшүп келатат.

XS
SM
MD
LG