Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Жалал-Абадда калайман мушташка байланыштуу төрт адам кармалды


Жалал-Абад шаарында супермаркеттердин биринин жанында 2-июлда кечки саат 8де орун алгшан калайман мушташка байланыштуу төрт адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

"Бул окуя Жалал-Абад шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде окуяга катыштыгы бар деген шек менен төрт адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, чыр өз ара пикир келишпестиктен улам чыккан",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарындагы калайман мушташ тартылган видеолор тараган.

XS
SM
MD
LG