Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

"Ала-Арча" көрүстөнүндө Болот Шамшиевдин эстелиги орнотулду


Болот Шамшиевдин эстелиги.
Болот Шамшиевдин эстелиги.

“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө белгилүү кинорежиссёр, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер Болот Шамшиевдин эстелиги тургузулду. Анын ачылыш аземи 5-июлда өтүп, ага Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, коомдук, саясий ишмерлер, маданият кызматкерлери жана маркумдун жакындары катышты.

“Биз бул улуу кинорежиссердун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген тасмаларында чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт”, – деди Акылбек Жапаров эстеликтин ачылышында.

Ала-Арчада” ачылган эстелик “Кыргыз кереметин жаратуучу” деп аталып, кинорежиссердун уулу Чыңгыз Шамшиевдин планына ылайык жасалган.

Аны айкелчи Тамила Маматова жана Багдад Калчаев жетектеген кыргыз скульпторлор тобу тургузган. Эмгекте Шамшиевдин 40 жашындагы элеси чагылдырылган.

Болот Шамшиев СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка ата мекендик, чет элдик сыйлыктардын ээси болгон.

Эстеликтин ачылыш аземинде кинорежиссердун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын жогорку сыйлыгы болгон “Ак шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылды. Бул белги “Кыргыз Руспубликасынын Баатыры” наамына татыгандарга ыйгарылат. Шамшиевге бул наам былтыр сентябрь айында берилген.

Ал 1941-жылдын 12-январында туулуп, 2019-жылдын 21-декабрында дүйнөдөн кайткан.

Шамшиевдин "Караш-Караш", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка тасмалары калың элге кеңири таанылган. (MZh)

XS
SM
MD
LG