Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Чеченстанда журналист Милашина менен адвокат Немовго кол салуу болду


Елена Милашина
Елена Милашина

Чеченстанда куралчан адамдар "Новая газетанын" журналисти Елена Милашина менен адвокат Александр Немовго кол салышканын "Кыйноолорго каршы команда" билдирди.

Маалыматка караганда, беткапчан кишилер Владикавказ аэропортунан Грозныйга бараткан жолдо алардын таксисин токтотушкан. Сабап, жабдууларын жана документтерин жок кылышкан. Немовдун айтымында, кол салгандар тапанча такап коркутушкан. Экөө тең азыр Грозныйдагы ооруканада жатышат.

"Кровавая барыня" Телеграм каналы жеринен кабарлагандай, Милашинага мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Мезгил-мезгили менен эсин жоготууда. Аны телефонунун кулпусун ачууга мажбурлашканда манжалары сынган.

"Кыйноолорго каршы команда" Немов араң кыймылдап, сүйлөп жатканын, бутуна бычак сайылганын кабарлады. Жарыяланган сүрөттөрдө алардын абалы начар экени байкалып турат.

Немовдун айтымында, кол салгандар ал жерден кетүүнү, эч нерсе жазбоону талап кылышкан.

Милашина менен Немов 2022-жылдын январында Нижний Новгороддон чечен полициясы уурдап кеткен Зарема Мусаеванын сотуна катышуу үчүн Чеченстанга барышкан.

Соттун өкүмү 4-июлда чыкмак. Немов — Мусаеванын жактоочусу.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Милашина менен Немовду Түндүк Осетиянын Беслан ооруканасына жеткирүүгө буйрук бергенин, аларды Чеченстандын акыйкатчысы коштоп барарын "Свобода" радиосу жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG