Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Москвага жакын жерлерде дрондор атып түшүрүлгөнү кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык ТАСС маалымат агенттиги Москванын жанындагы Кубинка шаарында аскер бөлүгү жайгашкан аймакка бир дрон кулап түшкөнүн, баштапкы маалыматка ылайык жабыркагандар, кыйроо болбогонун билдирди. РИА Новости агенттиги бул учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Кубинка Внуково аба майданынан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан. Орусиялык басылмалар бул аймакта 4-июлда эртең менен дагы эки дрон атып түшүрүлгөнүн жазышкан.

Shot Телеграм-каналы бир дрон, же анын урандысы Кривошиенко айылындагы чарбалык курулмага кулап, өрт чыкканын билдирди жана сүрөт, видео жарыялады. Кыштак Внуково аэропортунан анча алыс эмес аймакта жайгашкан. Ал арада аталган аба майданда каттамдар башка аэропортторго жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар чыкты. РИА Новости агенттиги аны "техникалык себептер" менен байланыштырды.

Дрондорго байланыштуу Коргоо министрлиги комментарий бере элек.

Орус бийлигинин өкүлдөрү 30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганын кабарлашкан. Шаардын мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар азыраак жабыркаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG