Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Абакта отурган 1037 киши кесиптик билим тууралуу сертификат алды


Абакта кесиптик билим алгандарга сертификаттарды тапшыруу учуру. ЖАМК тараткан сүрөт.
Абакта кесиптик билим алгандарга сертификаттарды тапшыруу учуру. ЖАМК тараткан сүрөт.

Жазаларды аткаруу кызматы 2022-2023-окуу жылында абакта жаткан 1037 жаран кесиптик билимге ээ болгонун жана аларга сертификат тапшырылганын билдирди. Алардын 84ү аялдар.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча 12 абакта 22 адистикке окуткан алты кесиптик окуу жайы бар. Ал жерде электр шаймандарын оңдоо, бут кийим тигүү тармагындагы адистер, наабайчылар, электрмонтажчылар, жыгачтан, булгаарыдан жана жүндөн буюм жасагандар жана башка тармактагы жумушчулар даярдалат.

“Жакында эле №32 абак жайынан бир учурда 60 жаран сертификат алды. Алардан 12си электрик, 12си муздаткыч оңдогон адис, 12си тигүүчү, 12си ширетүүчү жана 12си моторчу”, - деп айтылат маалыматта.

Жаза аткаруу кызматынын карамагында жалпы 26 мекеме бар. Анын ону жатак абак, алтоо тергөө изолятору, ону түрмө.

Өлкөдө жабык жайларда шарттын начар экени жана ал жакта кыйноолордун токтобой жатканы боюнча маселе утур-утур көтөрүлүп келет.

Мекеменин башчысы Аскат Эгембердиев абактагылардын денесине залал келтирген кыйноо жок экенин, курулган имараттардын эскилиги жеткени үчүн шарт оор болуп жатканын айткан. Жаңы түрмөлөрдү салуу жана көчүрүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, соңку 4-5 жылдан бери зордуктоо (36%), баңгизат колдонуу (22%) жана денеге атайылап зыян келтирүү (10%) өңдүү кылмыштардын саны көбөйгөн.

2022-жылы соттор жазалоонун "эркинен ажыратуу" ыкмасын 80% жана "коомдук жумушка чегерүү" ыкмасын 2021-жылга салыштырмалуу сегиз эсе көп колдонгон.

Кыргызстанда жыл сайын 5000-6000 жаран эркинен ажыратылат. Алардын 89% эркектер, 11% аялдар түзөт. (KbA/TAb)

XS
SM
MD
LG